Бишкекте жаранды 300 миң юанга алдап кетишкен. Шектүү кармалды

Бишкекте жаранды 300 миң юанга алдап кетишкен. Шектүү кармалды

Бишкек шаарында жаранды ордуна накталай акча беребиз деп, 3оо миң юань акчасын электрондук эсебине котортуп алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

7-апрелде Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде «Бахтиер Ходжи» деп өзүн тааныштырган адам И.М. аттуу жаран менен WhatsApp аркылуу байланышкан. Ал Кытайга 300 миң кытай юанын электрондук эсепке которууну сунуштап, анын ордуна 3 млн 660 миң сомду анын «Саладин» аттуу таанышы алып барып берерин айткан.

Ошол эле күнү өзүн «Саладин» деп тааныштырган адам келип, Бахтиер Ходжи жибергенин айтып, акчалар жанында экенин билдирип, алдамчылык жол менен И.М. аттуу жарандан электрондук эсепке 300 миң кытай юанын котортуп, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза  кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында шектүү катары 57 жаштагы К.С. атту жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, тергөө иштери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>