УКМК 15-апрелдеги Жогорку Кеңешинин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин «Мегакомдун» экс-башчысы Акылбек Жамангуловго козголгон кылмыш ишин токтотууда прокуратура органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр орун алган делген билдирүүсү боюнча маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, атайын кызмат Нурбек Сыдыгалиевдин билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзгөн.
УКМК мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин, Акылбек Жамангуловдун жана башка адамдардын катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, вице-спикердин айткандары тастыкталбаганын, муну Сыдыгалиев өзү мойнуна алганын билдирди.
«ЖКнын депутаты Сыдыгалиев билдирген маалымат анык эмес жана чагымчыл мүнөзгө ээ болгондуктан, бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарына жарандардын ишеним көрсөтпөөсүн жаратышы мүмкүн болгон. Мындан улам УКМК органдары Сыдыгалиевге мындан ары мындай ачык чындыкка жатпаган пикирлерге жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү»,- деп айтылат маалыматта.