Балыкчы-Кочкор унаа жолунун бир бөлүгү 5-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат

18.04.2025 | 15:10

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 40-43-км аралыгы, тагыраагы айтканда, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү 5-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” кабарлады.

Аталган тилке аптасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн 17:30га чейин гана жабылат. Калган күндөрү ачык болот.

Маалыматта айтылгандай, бул чектөө Кочкор районунун аймагында курулуп жаткан жаңы темир жолдун 37-40-чакырымында бургулоо-жардыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу киргизилген.

Scroll to Top