Ош облусунда АКШдан ташылып келген 18 миң тонна күрүч жараксыз деп табылып, таштандыга ыргытылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Оштогу «Кара-Суу Темир Жолу» көзөмөл пунктундагы фитосанитардык текшерүүдө АКШнын Mercy Corps уюму тарабынан жөнөтүлгөн күрүчтөр толугу менен жараксыз экени аныкталган.
Жыйынтыгында аталган жүк Ош шаардык таштанды таштоочу жайында жок кылынган.