Прокурордун жардамчысына пара сунуштаган жаран кармалды

18.04.2025 | 17:30

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысына 50 миң сом пара сунуштаган жаран кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматында, ал параны адам өлтүрүү боюнча соттолуп, жазасын өтөп жаткан У.А. аттуу таанышын жатак-абакка мыйзамсыз которуу маселесин чечүү үчүн сунуштаган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top