Зарыл болсо Баткенге көчүп келем. Ташиев жергиликтүү эл менен жолукту

Зарыл болсо Баткенге көчүп келем. Ташиев жергиликтүү эл менен жолукту

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 18-апрелде Баткен облусунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу болуп, ага облустун бардык райондорунан тургундар чакырылды.

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын чечилиш таржымалын, Совет доорунан бери карай кандай жагдайлар орун алганы тууралуу учкай токтолду. Негизги маселе, учурда чечимин тапкан чек ара маселеси боюнча болуп, Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик тараптар кайсыл жер аянттарын кандай шартта алмашууга барганы тууралуу деталдуу маалымат берди.

Жергиликтүүлөрдү кызыктырган суроолорго жооптор узатылды. Көчүрүлүшү керек болгон Достук айылынын тургундарына мамлекет тарабынан жаңы заманбап үйлөр курулуп берилээри дагы бир ирет белгиленди.

Камчыбек Ташиев эми негизги басымды кыргыз-тажик чек арасынын демаркациялоого жасаарын айтып, зым тартуу иштери үчүн чек ара кызматынын аймакта өздүк курамы, тийиштүү кызматкерлер, жетекчилери менен кошо күчөтүлгөн режимде иш алып бараарын белгиледи. Зым тартуу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын өлкө башчысы Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге милдеттендиргенин айтып, бул тапшырманы аягына чыгаруу үчүн, эгер зарылчылык болсо, Баткенге көчүп келип, жумуштун темпин жеке көзөмөлүнө алаарын эскертти.

Баткен жаштарынын атынан Камчыбек Ташиевге “сувенирдик балта” белек кылышты жана “мындан ары дагы коррупционерлер жана элдин тынчтыгына, ынтымагына, өлкөнүн өнүгүшүнө каршы болуп жаткандардын тамырын чабууну күчөтүүнү” улантуусу зарылдыгын айтышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>