Ысык-Көл форелинин чабактары Таластагы сууларга коё берилди

Ысык-Көл форелинин чабактары Таластагы сууларга коё берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан салмагы 0,5 граммга жеткен Ысык-Көл форелинин чабактары Талас районундагы Чоң-Чычкан жана Түз-Ашуу сууларына кое берилди.

Аталаган ведомстводон билдиришкендей, чабактар Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Департаментке караштуу Регионалдык климатташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (Тоң балык чарбасы) инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.

Ал «Альянс Алтын» ЖЧКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Ошондой эле Ысык-Көл көлдү балыктандыруу максатында бекитилген иш-пландын негизинде карп-сазан балыктарынын уруктарын жасалма жол менен өстүрүү иштерин колдоо үчүн Чүй облусунан 2,5 кг ашкан 134 даана карп-сазан балыгын «Альянс Алтын» ЖЧКсынын колдоосу менен Талас облусунун Коомдук мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси тарабынан Департаментке өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>