21-24-апрель күндөрү Бишкек шаарында Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул үчүн 20-апрелде Азербайжандан белгилүү маданият ишмерлеринен турган расмий делегация Кыргызстанга келген.
Маданият күндөрүндө концерттик программалар, спектаклдер, сүрөт көргөзмөлөрү жана адабий, маданий иш-чаралар өтөт.
Маданий иш-чаралар программасы:
- 21-апрель:
Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде)
Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).
- 22-апрель:
Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында);
Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында);
Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
- 23-апрель:
Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);
Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).
- 24-апрель:
Саат 16:00 — Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);
Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи. (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).
«Бул иш-чаралар аркылуу кыргызстандык көрүүчүлөргө азербайжан элинин бай маданияты, салт-санаасы жана искусствосу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Маданият күндөрү Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана маданий байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө багытталган»,- деп билдирди министрлик.