Ысык-Көл облусунда 140 млн долларлык экотехнологиялык завод курулатМас айдоочунун жүргүнчүсү инспекторду сөккөн. Ал кармалдыКыргызстанда келерки жылы жол иштерине 484 жаңы техника алынатКеминде жылына 15 миң тоок этин өндүргөн ишкана ачылдыC5+1 форматы: Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырдыАба ырайы: 27-октябрда Бишкекте күн булуттуу болот
Мамлекеттик кызматкерлердин ишине пикир калтырууга мүмкүндүк берген система иштеп чыгуу сунушталды
23.04.2025 | 14:31
Жарандарга QR-коддорду колдонуу менен мамлекеттик кызматкерлердин ишине пикир калтырууга жана баа берүүгө ыңгайлуу шарт түзгөн “Пикирлер” маалыматтык системасын иштеп чыгуу сунушталууда. Бул тууралуу токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Токтом долбоорду Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги иштеп чыккан.
Анын максаты – жарандардан алынган кайтарым байланыштын негизинде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн баалоонун натыйжалуу механизмин түзүү. Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга түрткү берери айтылды.
Токтом долбоордо сунушталган “Пикирлер” системасы аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:
- Жарандар QR-коддорду сканерлөө же мобилдик тиркеме аркылуу баа бере алышат.
- 5 баллдык шкала колдонулат, комментарий калтырууга мүмкүнчүлүк бар.
- Бардык баалар модерациядан өтөт жана жыйынтыктары ачык жарыяланат.
- Мамлекеттик органдар өз ишин жакшыртуу үчүн так маалымат алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом