Сотко «Апрель» телеканалын жабуу боюнча доо арыз берилген

Сотко «Апрель» телеканалын жабуу боюнча доо арыз берилген

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан сотко «Апрель» телеканалын жабуу боюнча доо арыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен келип түшкөн материалдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын эксперттик корутундуларынын негизинде, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Октябрь райондук сотуна “Апрель ТВнын” социалдык тармактарда ишмердүүлүгүн токтотуу жана “Апрель” телерадиоканалына берилген уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз берилген. Арыз учурда кароо стадиясында»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, прокуратура арызды коомдук коопсуздукту коргоо, мыйзамсыз маалыматты таратуунун алдын алуу жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>