Жамиля Исаева вице-спикерлик кызматын тапшырды

28.04.2025 | 11:25

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ал депутат катары ишин уланта берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Жамиля Исаева “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.

Scroll to Top