Президент Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамда төмөнкүлөр каралган:
— шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калганда же каза болгондо кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү (прокурор жана тергөө органдары);
— тергөө органына алып келген учурда тергөөчү тарабынан шектүүнү кармоо жөнүндө токтом түзүү;
— бошогондо шектүүгө же айыпталуучуга ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берүү;
— финансылык полиция органы жоюлгандыгына байланыштуу аны чыгаруу;
— “жашы жетпегендер” деген сөздү “балдар” деген сөз менен алмаштыруу;
— “соттолуучулар” кылмыш-жаза-укуктук мамилелердин субъектинин статусун жоготкондугуна байланыштуу алар жөнүндө ченемдик эскертүүнү алып салуу.