Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май – Эмгекчилердин майрамы менен куттуктады. Анын айтымында, бул майрам – эмгек адамын урматтоонун, ак ниет эмгеги менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ар бир жарандын эмгегин таануунун символу.
“Бюджеттик тармакта иштегендердин эмгек акысын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. 2025-жылы техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, жарандык персоналдын жана штаттан тышкаркы негизде жумушчулардын эмгек акысын этап менен жогорулатуу башталат, ал эми 2026-жылга карата эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделине өтүүнү аяктоо пландаштырылууда», — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Министрлер кабинети ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын айткан.
“Анткени бизнес жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда. Ошону менен бирге кызматкерлердин кызыкчылыктары жана эмгек укуктары дайыма корголушу керек.
Акыркы жылдары Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп келет. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 1,5 триллион сомдон ашты. Үч жыл ичинде жан башына ички дүң продукция эки эсеге өстү. Ошондой эле 2024-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлык маяна 429 АКШ долларын түзүп, бул көрсөткүч өлкөнүн социалдык-экономикалык прогресси үчүн маанилүү белги болду”,-деген Касымалиев.
«Жаңы Эмгек кодексине ылайык 1–9-май күндөрү белгиленген майрам күндөрү – пайдалуу убакыт өткөрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк. Бул күндөрдү үй-бүлөлүк байланыштарды чыңдоого, туугандарды жана жакындарды көрүүгө, үйдө жана көчөлөрдө пайдалуу иш-чараларды уюштурууга, тазалыкты жана тартипти сактоого арноого чакырам»,-деп айтылат куттуктоодо.