Россияга үй-бүлөсүн алып келүүгө мигранттарга салынчу тыюу ЕАЭБге жайылтылбайт – Россиянын ТИМи

Россияга үй-бүлөсүн алып келүүгө мигранттарга салынчу тыюу ЕАЭБге жайылтылбайт – Россиянын ТИМи

Мигранттардын үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу ЕАЭБ жарандарына тиешелүү эмес. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди

Россиянын Мамлекеттик Думасында каралып жаткан, мигранттарга үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына тиешелүү болбойт. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян РИА Новости агенттигине билдирген.

Анын айтымында, мындай чектөө Россиянын эл аралык милдеттенмелерине, анын ичинде ЕАЭБ келишиминин алкагында кабыл алынган миграциялык режимге каршы келмек.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорун Мамдуманын ЛДПР партиясынын лидери Леонид Слуцкий баш болгон депутаттар тобу сунуштаган. Алар жарандыгы жок мигранттарга үй-бүлөсүн Россияга алып келүүгө тыюу салууну көздөшүүдө. Документтин кароосу 2025-жылдын ноябрь айына пландалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>