Ош шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү19-мартка карата аба ырайыИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштурат
Путин менен Си Цзиньпин Украина маселесин талкуулашты
09.05.2025 | 11:25
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын КЭР) төрагасы Си Цзиньпин Москвада Украина баштаган бир катар маселелерди талкуулаганын РИА новости жазып чыкты.
Анда Си Цзиньпин Украина боюнча кызматташууга негизделген жалпыга орток глобалдуу коопсуздуктун туруктуу концепциясын жактай турганын белгилеген.
Си Цзиньпиндин айтымында, КЭР бардык мамлекеттердин коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, кризистин түпкү себебин жоюу зарыл.
“Кытай тынчтык орнотууга жасалган аракеттердин баарын кубаттап, диалог аркылуу адилеттүү, узакка созулган, бардык тарапка ылайык келген тынчтык келишими кабыл алынарына ишенет”, — деген Кытайдын башчысы.
Рубрики: Жаңылыктар