Жер алдындагы өтмөк жана кичи арена. Бишкек мэри ири курулуш объектилерин кыдырды

Жер алдындагы өтмөк жана  кичи арена. Бишкек мэри ири курулуш объектилерин кыдырды

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы бир нече ири курулуш иштери менен таанышуу үчүн объектилерди кыдырды.

Алгач мэр Д.Өмүрзаков атындагы кичи аренага барды. Бул стадион 5 миң көрүүчүгө ылайыкташкан, аянты 15 452 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу имаратта жер төлөө да каралган, ал 50 унаага ылайыкталган. Арена спорт менен бирге маданий иш-чараларды өткөрүүгө да ылайыкталган. Учурда сэндвич-панельдерди орнотуу жана ички электр тармактарын тартуу иштери жүрүп жатат.

Андан соң, шаар башчысы «Алга» спорт комплексиндеги курулуштун жүрүшүн текшерди. Комплекс 7,4 гектарды камтып, анын ичинде 3000 орундуу стадион, машыгуу аянтчалары, 142 орундуу мейманкана жана ден соолук чыңдоо комплекси бар. Учурда негизги курулуш иштери аяктап, кошумча иштер жүрүүдө.

Сапардын жүрүшүндө мэр жер астындагы өтмөк курулушу менен да таанышып чыкты. Бул өтмөктө 220дан ашык унаа үчүн токтотуучу жай, эскалаторлор жана заманбап лифттер каралган. Учурда курулуш кызуу жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>