Өлкөдө 16-17-май күндөрү аптаптуу ысык күтүлүүдө

Өлкөдө 16-17-май күндөрү аптаптуу ысык күтүлүүдө

16-17-май күндөрү өлкө аймагында аба ысып, айрым аймактарда 40°ка чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы 35…40°ка чейин көтөрүлөт.

Ал эми Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

ӨКМ Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырды. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуштады

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>