Путин менен Зеленский Түркияда сүйлөшүүгө бара турган делегацияны бекитти

Путин менен Зеленский Түркияда сүйлөшүүгө бара турган делегацияны бекитти

Россиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөргө катыша турган делегациянын курамын бекитти. Тиешелүү жарлыкты Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.

Орус делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Аны төмөнкү аткаминерлер коштоп жүрөт:

— ТИМдин орун басары Михаил Галузин,

— Башкы штабдын башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков,

— Коргоо министринин орун басары Александр Фомин.

Ошондой эле сүйлөшүүлөргө “эксперттик топ” да тартылган. Алардын катарында:

— Генштабдын маалымат бөлүмүнүн орун басары Александр Зорин,

— Президенттик аппараттын гуманитардык саясат башкармалыгынын орун басары Елена Подобревская,

— ТИМдин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Алексей Полищук,

— Коргоо министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн орун басары Виктор Шевцов бар.

Владимир Путин өзү бул сүйлөшүүлөргө  катышпайт.

Ал эми украин делегациясын:

— Президенттик кеңсенин жетекчиси Андрей Ермак,

— ТИМ башчысынын орун басары Андрей Сыбиха,

— Коргоо министри Рустем Умеров жетектейт.

Буйрукка Украинанын президенти Владимир Зеленский кол койгон.

Сүйлөшүүлөр 15-майда Түркияда өтөт жана бул 2022-жылдан берки алгачкы түз жолугушуу болуп саналат. Иш-чараны өткөрүү демилгесин Владимир Путин көтөрүп, Украина макулдугун берген.

Президент Зеленский Россия делегациясынын курамы жарыялангандан кийин Путин менен түз жолугушууга даяр экенин билдирди. Ал Украинанын келечектеги кадамдарын аныктоо үчүн бул жолугушууга чоң маани берерин белгиледи.

Ал эми 16-майда Түркияга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана президенттин атайын өкүлү Стив Виткофф келери кабарланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>