Садыр Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Садыр Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Бүгүн, 15-майда президент Садыр Жапаров Европа Биримдигинин (ЕБ) Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык, энергетика жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Эдуардс Стипрайсты ЕБдин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөдө ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров ЕБ менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал өлкөнүн олуттуу гидроэнергетикалык потенциалын айтып, эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда ири инфратүзүмдүк демилгелерди кошкондо, бул чөйрөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө билдирди.

Ал эми Эдуардс Стипрайс өз кезегинде Европа Биримдиги менен региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.

Ал аймактык олуттуу өзгөрүүлөрдүн шартында чечкиндүүлүгү туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзгөн мамлекеттердин лидерлеринин ролунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча тарыхый макулдашууга жетишүүгө өзгөчө көңүл буруп, аны бүткүл регион үчүн маанилүү жана шыктандыруучу мисал деп атады.

Эдуардс Стипрайс Борбордук Азиядагы туруктуулук Европа Биримдиги үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал транспорттук жана соода инфратүзүмү өнүкпөсө, региондогу өлкөлөрдүн дүйнөлүк рынокторго чыгуусу кыйын болуп, бул экономикалык потенциалды чектей турганын айта кетти. Буга байланыштуу Европа Биримдиги транспорттук коридорлорду кеңейтүүгө жана логистикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүнү улантарын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>