Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги АКШнын узак мөөнөттүү кредиттик рейтингин АААдан AA1ге түшүрдү. Ошол эле учурда, болжолдоо «терс» «туруктуу» деп өзгөртүлгөн.
«21 тепкичтик рейтингдин шкаласынын бир тепкичке төмөндөшү он жылдан ашуун убакыттан бери эгемендик карыздын жана пайыздык чендердин катышы бирдей рейтингге ээ болгон өлкөлөрдүн деңгээлинен кыйла ашып кеткен деңгээлге көтөрүлгөндүгүн чагылдырат», — деп айтылат Moody’s сайтындагы билдирүүсүндө.
Рейтинг агенттиги тактагандай, АКШнын администрациясы жана Конгресси бюджеттин олуттуу тартыштыгына жана пайыздык чыгымдардын өсүшүнө карай тенденцияны жокко чыгара турган чаралар боюнча бир пикирге келе алган жок. Moody’s келерки 10 жылда дефицит кеңейет деп күтөт. АКШнын мамлекеттик карызы 2035-жылга карата ИДПнын 134% га чейин өсүшү мүмкүн.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын июль айында АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 35 триллион доллардан ашты. 2025-жылдын апрель айында АКШнын Каржы министрлиги бул көрсөткүч 36,6 триллион долларга чейин көбөйгөнүн тактады, бул өлкөнүн ИДПсынын 122% дан ашыгы.