Ысык-Көлдүн Ананьево айылында жаңы оорукана курулуп жатат

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында жаңы оорукана курулуп жатат

17-майда саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылына барып, ал жердеги 100 орундуу жаңы көп тармактуу оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Долбоордо хирургия, реанимация, төрөт жана башка бөлүмдөр каралган. Бул калктын сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет. Учурда Ананьеводогу медициналык кызмат көрсөтүү 25 орундуу соматикалык бөлүм менен чектелүү, бейтаптардын көбү дарылануу үчүн Чолпон-Ата шаарына кайрылууга мажбур болушат.

Курулуш иштери план боюнча жүрүп жатат. Объектти долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп президенттин Иш башкармалыктын алдындагы «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы аныкталган.

«Мындай оорукана куруу — бул келечек муундардын саламаттыгына болгон инвестиция. Жаңы стационар Ананьево айылынын жана жакынкы аймактардын тургундарына керектүү медициналык жардамды үйүнө жакын жерден алууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деди министр Эркин Чечейбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: оорукана

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>