Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Аргентинанын президенти аны журналист микрофон менен атайылап урганын айтты
19.05.2025 | 10:27
Аргентинанын C5N телеканалынын журналисти президент Хавьер Майлинин бетине микрофон менен чапкан. Аргентинанын президенти ачууланып, кабарчы аны атайылап урганын айтты. Окуя тууралуу Infoveloz билдирди.
18-майда Майли Хавьер Буэнос-Айрестеги мыйзам чыгаруучу шайлоого добуш берип жаткан Улуттук технологиялык университеттин имаратынан чыгып бараткан. Саясатчынын айланасына бир топ журналисттер чогулуп, алардын көбү микрофонду президентке жакындатууга аракет кылышты.
Микрофон мурдуна тийгенден кийин Хавьер Майли: “Сен мени атайылап урдун, микрофон мага тийди” деди. Жооп катары C5N журналисти бул кокустук экенин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар