УКМК: Бишкектеги эки кабаттуу имаратты Профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирген

УКМК: Бишкектеги эки кабаттуу имаратты Профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирген

УКМК Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу имаратты мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелип Профсоюздар Федерациясынын жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган имарат туризм тармагындагы кызматкерлерди социалдык жактан камсыздоо жана профсоюз тарабынан колдоо максатында Профсоюздар федерациясынын «Кыргызтуризм» башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бирок кийинчерээк аталган федерациянын мурдагы жетекчиси «Т.К.А.» аталган имаратты менчикке чыгаруу максатында коррупциялык схема уюштуруп, имаратты аффилирленген жактардын жана өзүнүн туугандарынын атына каттаткан.

Андан кийин имараттагы жайлар үч башка адамга сатылган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, экинчи кабаттын учурдагы ээсине сатуунун суммасы кайтарылып берилген. Ошондой эле ал өз ыктыяры менен аталган имараттын 218,7 чарчы метр болгон экинчи кабатын толугу менен мамлекетке кайтарган

УКМК учурда «Тукана» кафеси жана юридикалык компания жайгашкан биринчи кабатты кайтаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>