Кечээ, 20-майда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Москва шаарында жана Москва облусунда мигранттарды көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча кошумча механизмдерди караган экспериментти ишке ашыруучу мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн «Телеграм» каналында билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөлүк жарандар үчүн төмөнкүлөр киргизүү сунушталган:
- Жүргөн жери боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүү;
- Бармак издерин алуу (дактилоскопия);
- Биометриялык сүрөткө тартуу;
- Абоненттик түзмөктөрдүн геолокациясына мониторинг жүргүзүү.
«Мигранттар өзүнүн жүргөн жерин өзгөрткөн учурда, бул тууралуу Орусиянын ИИМине 3 иш күнүнүн аралыгында билдирүүгө милдеттүү болушат. Бул чаралар дипломаттарга жана Беларусия жарандарына гана тиешелүү эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Вячеслав Володиндин айтымында, кабыл алынган механизм заманбап технологияларды колдонуу менен миграция тармагындагы көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле бул багытта укук бузууларды жана кылмыштарды азайтууга көмөктөшөт.
«Эксперимент ийгиликтүү ишке ашса, ал башка региондорго да жайылтылышы мүмкүн»,- деп билдирди ал.