Жогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Будапешттеги ТМУ саммитинде бир катар документтерге кол коюлду
21.05.2025 | 18:20
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.
Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту жана кабыл алышты:
- Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;
- «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу»жөнүндө чечим;
- «Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө» чечим;
- Афганистан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.
Рубрики: Жаңылыктар