Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев 19-майда Германиянын Бад-Херсфельд шаарында Грензебах өнөр жай компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын түштүгүндө гипсокартон жана курулуш аралашмаларын чыгаруучу завод куруу боюнча алдын ала макулдашышты.
Грензебах — дүйнөлүк деңгээлдеги технология чыгаруучу компания жана Knauf концернинин өнөктөшү. Компаниянын катышуусу аркылуу өндүрүштө заманбап технологиялар жана эл аралык сапат стандарттары колдонулат.
Жаңы завод өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, экспортту кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошот. Бул демилге Кыргызстандын инвестиция тартуу жана курулуш секторун модернизациялоо саясатына шайкеш келет.