Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
Ишкерлер Астанада өтүүчү “Борбор Азия+Кытай” форумуна чакырылды
22.05.2025 | 10:12
КРнын Улуттук инвестициялык агенттиги кыргызстандык ишкерлерди 2025-жылдын 16-июнунда Астана шаарында (Казакстан) өтө турган “Борбор Азия + Кытай” эл аралык бизнес-форумуна катышууга чакырууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчылары, эл аралык эксперттер жана бизнес өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын максаты – инвестиция тартуу, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана түз бизнес байланыштарды түзүү.
Форумдун программасында:
- Панелдик сессиялар,
- Инвестициялык долбоорлордун презентациясы,
- B2B форматындагы жолугушуулар,
- Логистика, энергетика, агробизнес, туризм жана санариптештирүү боюнча секциялар камтылат.
Каттоо жана кошумча маалымат үчүн байланыш: Ботояров Максатбек – +996 222 012 000
Рубрики: Жаңылыктар