Эми жарандар батирди сатып алуу жана сатууда кайра каттоо үчүн мекемелерге барып, кезек күтпөй “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзө алышат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Тиркемедеги аталган функция кыймылсыз мүлктү кайра каттоо процессин жөнөкөйлөтүү жана жарандардын убактысын үнөмдөө максатында иштелип чыккан.
Бул үчүн батир саткан жана сатып алган тарап төмөндөгү иш-аракеттерди кылуусу керек.
Батир саткан тарап эмне кылышы керек?
- Батирге тиешелүү мүлк салыгын төлөө (текшерилет).
- Үй-бүлөлүү болсо, жубайы тиркемеге катталып, макулдугун бериши керек.
- Сатып алуучунун ПИНин, келишим суммасын жана камсыздандыруу полисин көрсөтүү.
- Face ID аркылуу идентификациядан өтүү.
- Электрондук кол тамга менен ырастоо жүргүзүү.
Мындан кийин арыз автоматтык түрдө сатып алуучуга жөнөтүлөт.
Эскертүү: Арызды кароо 5 сааттан 3 иш күнүнө чейин созулушу мүмкүн. Сатуу аяктагандан кийин тиешелүү документтерди (техпаспорт ж.б.) сатып алуучуга тапшыруу зарыл.
Сатуучунун жашы 60 жаштан жогору болбошу керек. Бул чектөө коопсуздук үчүн киргизилген.
Батирди сатып алган тарап эмне кылышы керек?
- Арыз келгенден кийин Tunduk тиркемесин жаңыртып, “Менин мүлкүм” бөлүмүнө кирүү.
- “Сатып алуучу” ролун тандап, арызды толтуруу.
- Face ID аркылуу идентификациядан өтүп, макулдуктарга кол коюуу.
- Кызмат үчүн 1750 сом төлөө.
Эскертүү: Арыз кабыл алынгандан кийин мамлекеттик органдын кеңсесине барып, документтерди тапшыруу талап кылынат.
Жубайлар үчүн:
Эгер сатуучу же сатып алуучу үй-бүлөлүү болсо, жубайы Tunduk тиркемеси аркылуу макулдук бериши керек. Бул үчүн:
- Тиркемеге кирип, “Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо” → “Макулдук берүү” бөлүмүнө өтүңүү керек.
- Face ID жана электрондук кол тамга менен ырастоо керек.