Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Жыл башынан бери 161 бала ар түрдүү зомбулуктан жабыр тарткан
22.05.2025 | 17:40
Жыл башынан бери турмуштук оор кырдаалда турган 2 миң 669 бала аныкталды. Алардын ичинен 161 бала зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн жапа чеккен. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 1-кварталындагы жасалган иштер тууралуу отчетунда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, соттун чечими менен 195 бала камкордукка өткөрүлүп берилген. Ошондой эле 167 бала асырап алынып, 52 бала адистештирилген интернаттык мекемелерге жайгаштырылган.
Министрлик 56 жетим бала үчүн “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу үчүн тиешелүү документтери даярдалып жаткандыгын билдирди.
Мындан тышкары жыл башынан бери 251 миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, натыйжада мигранттардын 83 миң 809 баласы аныкталган.
“Министрлик фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда: 243 бала 113 фостердик үй-бүлөдө тарбияланат, ал эми 48 талапкер ведомствонун аймактык бөлүмдөрүндө каттоо турат”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом