Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Өлкөдө 23-27-майда жаан жаап, сел жүрүшү күтүлүүдө
22.05.2025 | 15:10
23-27-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирди.
Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл экендигин билдирди.
Ошондой эле жарандарга тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну, кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болгон учурда токтоосуз “112” кызматына билдирүүнү эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом