УКМК тарабынан казакстандык ишкерге издөө жарыялангандыгы боюнча Казакстандын укук коргоо органдары маалымат алган эмес. Бул тууралуу казакстандык Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты.
Эске салсак, ушул жылдын 15-майында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) казакстандык бизнесмен Ерканат Жумабековго маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча издөө жарыялаганын билдирген.
Бул боюнча жогоруда аталган басылма Казакстандык Улуттук коопсуздук комитетине жана Башкы прокуратурасына расмий суроо жөнөткөн.
Анда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети көрсөтүлгөн факты боюнча маалыматтары жок экенин билдиришкен.
«Биздин өлкөнүн Башкы прокуратурасына кыргызстандык кесиптештеринен Ерканат Жумабековдун жүргөн жерин аныктоо боюнча суроо-талап түшкөн эмес. Аны экстрадициялоо да суралган эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Казакстандын Башкы прокуратурасы «Казакстанстын Конституциясынын 10-беренесине ылайык, эгерде эл аралык келишимдерде каралбаса, Казакстан жараны чет мамлекетке экстрадицияланбай» тургандыгын кошумчалаган.