Ак-Талаада аткаминер кармалды

Ак-Талаада аткаминер кармалды

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кызматтык унааны жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Ак-Талаа райондук каржы башкармалыгынын башчысы К.Б.К кармалып, Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, К.Б.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кийинчерээк өзүнүн атына каттоо максатында Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын С.Б. аттуу күзөтчүсүнө эсептен чыгарыла турган «Хонда СRV» (2004-жыл) кызматтык автоунаасын менчиктештирүүгө укук берүү жөнүндө Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнүн профсоюзунун чечимине жалган протоколун тариздөөнү демилгелегени аныкталды.

Андан соң К.Б.К. жеке баа берүүчү компания менен алдын ала сүйлөшүп алып, аталган унааны 150 миң сомго арзандатылган баада баалап, ошондой эле аталган мүлккө менчик укугун каттоо органдарына С.Б.нын атын каттатып, аталган транспорт каражатын билгизбей пайдаланып жүргөн.

Эсептен чыгаруу процедурасына чейин К.Б.К. бул автотранспортту оңдоо жана запастык бөлүктөрүн алмаштырууну Финансы министрлигинин бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзгөн. К.Б.К.нын башка мыйзамсыз аракеттери боюнча, ошондой эле аларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>