ЖК спикери Нурланбек Тургунбек уулу менен депутаттар Арменияга расмий иш сапары менен барышты

ЖК спикери Нурланбек Тургунбек уулу менен депутаттар Арменияга расмий иш сапары менен барышты

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттардандын делегациясы Арменияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Төраганы Еревандагы Звартноц эл аралык аба майданынан Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Акоб Аршакян баштаган жетекчилер тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт.

Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да пландалган.

Алсак, спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>