Жогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Айтматов проспектисин кеңейтүү уланууда. Дагы 30 үйдө демонтаждоо иштери орун алды
26.05.2025 | 17:16
Айтматов проспектисинде жолду кеңейтүү иштеринин алкагында кызыл сызыктан чыгып кеткен 30 үйдун тосмолору бузулууда.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алар кызыл чийинден чыгып кеткен.
Мэрия тосмолор жолду кеңейтүү үчүн алынарын түшүндүргөн. Ал эми тургундар буга каршы болууда.
Алар муниципалитет алар менен макулдашып, компенсация маселесин да түшүндүрүшү керек болчу.
Жерине барган вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жашоочуларга чийинден чыккандар “снос” болору тууралуу алдын ала маалымат берилгенин эскертти.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
Рубрики: Жаңылыктар