Бишкек-Балыкчы темир жолунда дагы эки VIP-вагон ишке берилди
«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек багытындагы темир жолдо дагы эки жаңыланган VIP-вагонун пайдаланууга берилгенин маалымдады.
Бул жаңы VIP вагондор ишкананын комиссиясы тарабынан сыноодон өткөрүлгөн.
Вагондор мурдагы моделдердин концепциясын улантып, заманбап технология менен улуттук стилди айкалыштырган. VIP вагондор тарыхый-маданий мурастары чагылдырылган кереге, салттуу оймо-чиймелер, петроглифтери бар паннолор жана чырактар менен жасалгаланган. Ошондой эле төмөнкү ыңгайлуулуктарга ээ:
- Отургучтун алдындагы жүктөрдү сактоочу жай;
- Панорамалык терезелер – жаратылышты кеңири жана жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк;
- Кубаттуу кондиционерлер;
- Видеокөзөмөл тутуму;
- Заманбап көңүл ачуучу каражаттар – телевизорлор жана стереосистема.
Ишкана Бишкек – Балыкчы каттамында шарттары жакшыртылган жалпы 6 вагон жүрөрүн билдирди.
[image_carousel source=”media: 223278,223282,223280,223279,223281,223277″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]