Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Бишкекте кытайлык жана кыргызстандык ишкерлер жолугушту
29.05.2025 | 13:09
Бишкекте Кытайдын Чжэцзян провинциясынан келген ишкерлер менен Кыргызстандын ишкерлеринин бизнес жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чара өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүү максатында уюштурулган. Жолугушууда тараптар ортосунда тажрыйба алмашылып, ишкердик байланыштар түзүлгөн.
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев иш-чарада сөз сүйлөп, өнөр жай өнөктөштүгү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор, интеллектуалдык менчикти коргоо жана өндүрүштүк альянстарды түзүү жаатындагы Кытай менен экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар