2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга бардыКыргызстанда үй интернетинин баасы канчалык — популярдуу операторлор боюнча баяндама
Нарында кар жаап, малчыларга кыйынчылык жаралды
02.06.2025 | 09:45
Кечээ, 1-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районуна кар түшүп, жайлоодогу малчыларга кыйынчылык жаралган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, “112” кызматына жааган кардын кесепетинен Арпа жайлоосунда малчы калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам малчыларга Казыбек айыл аймагынын башчысы 2 жүк ташуучу унаа менен чөп (тоют) жеткиришкен.
Ошондой эле Ак-Сай жайлоосуна чыккан 6 адамга куткаруучулар менен чек арачылар жардам көрсөтүшкөн.
Мындан тышкары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 537-544-чакырым аралыктарына 15-20см жеткен кар жаап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралган. Жеринде бир грейдер иштеп, жол бир тараптуу тазалаган. Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери улантылып жаткандыгы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар