Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Ош облустук ооруканасынын бөлүм башчысы Кытайдын алдыңкы медициналык университетинин профессору болду
04.06.2025 | 09:43
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Абдыракман Дүйшөбаев Кытайдын алдыңкы медициналык жогорку окуу жайларынын бири болгон Синьцзян медициналык университетинин ардактуу профессору деген наамга татыды. Бул тууралуу аталган оорукана кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бул наам ага Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы медициналык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кошкон чоң салымы үчүн ыйгарылган.
“Бул окуя — кыргызстандык дарыгердин жогорку кесипкөйлүгүнүн таанылышы гана эмес, ошондой эле биздин өлкөнүн адистери дүйнөлүк илимге жана саламаттыкты сактоо системасына салым кошуп жаткандыгынын ачык далили”,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом