Өкмөт органдарды трансплантациялоо жөнүндө жобону бекитти

Өкмөт органдарды трансплантациялоо жөнүндө жобону бекитти

Министрлер кабинети адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, токтомдун максаты Кыргызстанда адамдын органдарын жана тирүү донордун ткандарын трансплантациялоо процессин тартипке келтирүү болуп саналат.

«Бул документ «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамда трансплантациялоо үчүн органдарды жана (же) ткандарды алып салууну жүзөгө ашырган трансплантациялоо объекттеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, реестрди жүргүзүүнүн тартиби жана трансплантациялоо жөнүндө корутунду берүү сыяктуу эталондук ченемдерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн ачып берет»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле документте саламаттык сактоо уюмдарында органдарды жана ткандарды трансплантациялоодо медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары жазылган.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигиндеги Электрондук саламаттык сактоо борборуна органдарды жана ткандарды трансплантациялоо реестринин санариптик платформасын иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>