Жыныстык тарбия. Уятпы же зарылчылыкпы?

Жыныстык тарбия. Уятпы же зарылчылыкпы?

Кыргызстанда күн санап жыныстык тарбия берүү маселеси курчуп келет. Коомдогу болуп жаткан зордуктоого байланышкан окуялар ар бир жаранды селт эттире ойлондурбай койбойт. Бул маселе ар бир уул-кыз чоңойтуп жаткан ата-эне үчүн орчундуу маселелердин бири. «Reporter. kg» бул ирет Кыргызстандагы жыныстык тарбия, бул жаатта балдарга билим берүүнүн зарылчылыгы жана анын оң-терс жактарына саресеп салып көрүүнү туура көрдү. Бул ирет биздин редакциянын каарманы Кыргызстандагы белгилүү уролог-сексолог Нурбек Моңолов менен өз пикирин билдирди.

Сөз башында алгач жыныстык тарбия деген эмне деген суроого кайрылалы. 

Жыныстык тарбия — бул балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга жыныс тууралуу туура түшүндүрүү. Муну менен бала чоңойгондо ден соолугу таза, үй-бүлө курууда маселе жаралбай турган, башка адамдарга бул жаатта туура мамиле кыла билген инсан болуп өсүшүнө жардам берет. Бул тарбияны качан баштоо керек? Көп учурда ата-энелер “азырынча эрте же уят” деп, жыныс тууралуу сүйлөшүүдөн качышат. Бирок баланын жашына жараша, жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып, түшүндүрүп туруу зарыл. Мисалы, бала 2-3 жашында эле “мен кызмынбы же баламынбы?” деп сурай баштайт. Ушул жерде ата-энелер туура жооп бериши шарт. Мисалы: “Сен менин ичимде чоңойгонсуң, төрөт үйүндө сени төрөгөм” деген сыяктуу.

Андан сырткары, баласы бар ар бир адам төмөнкүлөргө жакшылап көңүл буруусу керек. 

• Балдарды тазалыкка, жуунууга, кийимин алмаштырып турууга үйрөтүү.

• Ыңгайлуу, денени кыспаган кийим кийгизүү.

• Ден соолугуна зыянын тийгизбеш үчүн гигиеналык эрежелерди үйрөтүү.

• Бала бош отурбасы тууралуу ойлонуп, ар дайым оюн же үй жумушу менен алек болуп турууга шарт түзүү.

Ал эми мектепке бара баштаган кезинен тарта уялуу, өзүн кармап жүрүү, бири-бирине жардам берүүнү үйрөтүү керек. Эгер бала жогорку класста окуган кезге келип калса, сөзсүз түрдө жыныстык жактан жетилүү тууралуу түшүндүрүү, денени туура карап жүрүүнү, үй-бүлө жана нике тууралуу түшүнүктөрдү берүү зарыл. Бул куракта балдар менен кыздар бири-бирине кызыга баштайт, ошондуктан аларга өзүн жана башканы урматтоо тууралуу туура түшүндүрүү керек.

Кыздар менен балдардын достугу тууралуу, албетте кыздар балдар менен дос боло алышат. Бирок бул достукта бири-бирин урматтоо, чектен чыкпоо жана туура мамиле сакталуусу керек деп түшүндүрүү зарыл. Эркек бала болсо, кыздарды терең урматташы, уяттуу болуусу, кыздарды «кыздын абийири» бар деп түшүнүп, аларга зыян тийгизбегендей мамиле кылуусу зарылчылыгын үйрөтүңүз.

Адистер белгилегендей, ар бир бала уникалдуу. Ар кимиси дүйнө таанымына жараша ар кайсы куракта жетилет. Балдарга кыл кирип баштагандан тарта жыныстык органдар, алардын функциялары, бойго бүтүп калуу жана венерологиялык оорулардан сактануу жолдорун айтуу зарыл. Ал эми ата-энелер өздөрү диалог баштоодон уялбаш керек. Азыркы кезде жыныстык тарбия тууралуу балдар үчүн китептер өтө көп. Ошолорду окуп кошумча билим алып, анан балага айтып берсе жеңил болот.

Бул боюнча биз Кыргызстандагы белгилүү уролог-сексолог Нурбек Моңолов менен маек куруп, суроолорубузга жооп алдык. 

Дарыгердин айтымында, мектептерде жыныстык тарбия берүү – бул жөн гана муктаждык эмес, коомго чукул жардам. А дайыма  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянат: жыныстык тарбия канчалык эрте башталса, сексуалдык активдүүлүк ошончолук кеч башталат. Жыйынтыгында, тобокелдиктер азыраак болоорун айтат.

  Саламатсызды доктор, Кыргызстандагы жыныстык маселеге байланышкан кейиштүү абалды көрүп келебиз. Бул жаатта билим берүүнүн зарылчылыгын парламенттин трибунасынан да айтып келе жатышат. Балдарга жыныстык билим берүү бала бакчадан башталышы керек деген пикир канчалык маанилүү?

— Бул мамлекеттик деңгээлде көңүл бура турган маселе. Ооба, Билим берүү министрлиги бул боюнча иштеп,  өздөрүнүн протоколдору болуш керек. Бала бакча, мектеп жетекчилерине ушуну үйрөтүүгө милдеттүүсүң деген талап коюлушу шарт.Мугалимдерге программа даярдалсын,  психологдор болсун. Керек болсо атайын мектеп китептерин чыгарыш керек. 

— Эгер мамлекет сизден жардам сураса, жумушчу топтун мүчөсү болууга даярсызбы? 

— Албетте, эксперт катары мен даярмын. Бирок мен профессионал балдар психологу эмесмин. Профессионалдарды тартуу керек. А эгер катышып бер десе, мен даярмын.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>