БУУ Дүйнөлүк жылкы күнүн негиздеди. Аны Кыргызстан баштаган бир нече өлкө сунуштаган

БУУ Дүйнөлүк жылкы күнүн негиздеди. Аны Кыргызстан баштаган бир нече өлкө сунуштаган

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 11-июлду Бүткүл дүйнөлүк ат күнү деп белгилөө тууралуу резолюция кабыл алды. Бул тууралуу уюм 3-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, резолюцияны Кыргыз Республикасы жана Монголия баштаган бир нече өлкө сунуштап, аны 169 мамлекет колдогон. АКШ гана каршы добуш берген.

Резолюциянын авторлору көптөгөн өлкөлөрдө жылкы чарбачылыгы адамдардын жыргалчылыгы жана социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн маанилүү роль ойной турганын белгилешкен.

БУУнун маалыматында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 57 миллиондон ашуун ат бар.

«Ат минүү, жүк ташуу, чабыш, ат спорту жана ат туризми сыяктуу ишмердүүлүктөр айыл жергесинде жашаган калктын жана жергиликтүү коомчулуктардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Бул жумуш орундарынын түзүлүшүнө, азык-түлүк өндүрүүгө жана башка чарбалык иштерге көмөктөшөт»,- деп билдирди уюм.

Резолюцияны колдогон делегациялардын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк ат күнүн жарыялоо айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүдө жылкы чарбачылыгынын маанилүү ролу тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган глобалдык платформа түзүүгө мүмкүндүк берет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>