Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нижний Новгород облусунун губернатору менен жолугушту

07.06.2025 | 14:52

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов Глеб Никитин менен Нижний Новгород шаарында өтүп жаткан “Индустриалдык Россиянын санариптик өнөр жайы” 10-конференциясында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар биргелешкен санариптик долбоорлорду иштеп чыгуу, жаңы IT чечимдерди түзүү жана санариптештирүү жана жогорку технологиялар жаатында инновациялык тажрыйбалар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top