Ошто Лениндин эстелигинин алынышы: Коммунисттер партиясы кылмыш ишин козгоону талап кылууда

Ошто Лениндин эстелигинин алынышы: Коммунисттер партиясы кылмыш ишин козгоону талап кылууда

Кыргызстан Коммунисттер партиясы Башкы прокуратурадан, ИИМден жана УКМКдан Оштун борбордук аянтындагы Владимир Лениндин эстелигинин алынышына укуктук баа берүүнү талап кылды. Партиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мэриянын аракетин мыйзамсыз деп атап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

Партиянын расмий билдирүүсүндө 7-июнга караган түнү монументтин алынышы «тарыхка жасалган кайдыгер мамиле», «саясий көрөгөчсүздүк жана маңкуртчулук» деп аталды. Масалиевдин айтымында, эстелик мамлекеттин коргоосунда тургандыктан, чиновниктер «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамды бузушкан.

Оштогу Лениндин монументи Борбордук Азиядагы эң бийик эстелик болгону жана шаардын негизги туристтик жайларынын бири катары эсептелгени өзгөчө белгиленет.

Эске салсак, Ош мэриясынын чечими менен эстелик алынган. Айкелди «Мээрим» сейил багына көчүрүп, анын ордуна мамлекеттик туунун флагштогун орнотуу пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>