Кыргызстан мал чарба продукциясынын экспортун көбөйтөт

Кыргызстан мал чарба продукциясынын экспортун көбөйтөт

2025-жылдын биринчи беш айында Кыргыз Республикасынан мал чарба продукцияларынын экспорту туруктуу өсүштү көрсөттү. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, сүт азыктарынын экспорт көлөмү 16 462 тоннаны түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 628 тоннага көп. Өсүш негизинен төмөнкү багыттар боюнча байкалууда:

Сыр – 242 тоннага көп;

Сары май – 684 тоннага көбөйдү;

Кургак сүт – 294 тоннага жогорулады.

Мындан тышкары, башка мал чарба продукциялары боюнча да олуттуу өсүштөр байкалууда:

Балык үчүн тоют – 452 тонна;

Уйдун териси – 381 тонна;

Тоок субпродукттары – 240 тонна;

Уй субпродукттары – 215 тонна;

Табигый бал – 40 тонна.

Ошондой эле тоок жумурткасынын экспорту жогорку деңгээлге жетип, 5 ай ичинде 12,7 миллион даананы түздү.

Экспорттук өсүштүн күтүлгөн багыттары:

• Балмуздак

• Улуттук суусундуктар

• Пастерленген сүт

• Колбаса жана сыр сыяктуу кайра иштетилген азыктар

Мындай жыйынтыктар Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын сапаты жогору экенин, эл аралык базарларда суроо-талап туруктуу экенин жана мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо натыйжалуу экенин тастыктайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: экспорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>