Бишкектин бир бөлүгүндө 10-июнда ичүүчү суу өчүрүлөт (карта)

09.06.2025 | 11:24

10-июнда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө суу түтүктөрүн оңдоо иштерин байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Суу саат 10:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен кесилишкен аймакта өчүрүлөт:

  • Шералиев көчөсү – Бердибаев көчөсү – Айылчиев көчөсү – Жайыл Баатыр көчөсү.

«Бишкекводоканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Scroll to Top