Россиядан Кыргызстанга акча которуулар рекорддук деңгээлге жетти

09.06.2025 | 14:37

2025-жылдын алгачкы 4 айында Россиядан Кыргызстанга акча которуулар рекорддук деңгээлге жетти

Улуттук банктын маалыматы боюнча, эмгек мигранттары өлкөгө 1 миллиард 68 миллион доллар жөнөтсө, анын 1 миллиард 710 миңи Россиядан келген. Салыштыруу үчүн: өткөн жылдын ушул мезгилинде Россия Федерациясынан трансферттер 857,2 миллион долларды түзгөн.

Статистика акча которуу системалары, банк карталары жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн бардык транзакцияларды камтыйт.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top