Маданият министрлиги Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 аталыштагы китептерди жалпы 100 миң нускадагы юбилейлик сериясын чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынган бул долбоор улуттук маданият менен адабиятты сактоого жана колдоого багытталган.
Министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова алгачкы китеп топтомдорун Чүй облусундагы китепканаларга расмий түрдө тапшырды. Андан соң китептер райондук жана айылдык китепканаларга, анын ичинде Кеңеш айылына да берилди.
Серияга «Манас», «Семетей», «Сейтек» улуттук эпостору, кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармалары, балдар адабияты жана дүйнөлүк классиктердин мыкты котормолору кирген.
Министрлик китептер Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу республиканын бардык аймактарындагы китепканаларга таратылып жатканын билдирди.