Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстанда медициналык билим алуу үчүн окуу лицензияларын берүү убактылуу токтотулду
13.06.2025 | 10:58
Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 2025-жылдын 1-июлунан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом