«Кыргыз Агрохолдинг» зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү багытында орусиялык ишкана менен кызматташат

«Кыргыз Агрохолдинг» зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү багытында орусиялык ишкана менен кызматташат

«Кыргыз Агрохолдинг» ААКы менен орусиялык «Самарова» ишканасы айыл чарбадагы зыянкечтерге каршы күрөшүү багытында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Келишимге ылайык, «Самарова» ишканасы тарабынан иштелип чыккан чегирткеге каршы күрөшүүчү препараттар Кыргызстандын аймагында тажрыйбалык негизде колдонулат. Бул препараттар орусиялык тараптан бекер берилет жана чыныгы талаа шартында сыноодон өткөрүлөт.

Келишимге Бишкек шаарында өтүп жаткан Орусиянын Экспорттук борбору тарабынан уюштурулган «Орусияда жасалган» аттуу көп тармактуу бизнес-миссиясынын алкагында кол коюлган.

«Кыргыз Агрохолдинг» бул кызматташтык айыл чарбадагы зыянкечтерге каршы күрөшүүдө заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонууга шарт түзөт деп ишенет. Ошондой эле, бул долбоор кыргыз-россиялык ишкерлердин ортосундагы ийгиликтүү жана практикалык багыттагы кызматташуунун үлгүсү болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>