Борбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтарКара-Сууда «Салам Ош – 2026» туристтик фестивалы өтөтҮч жашка чейинки бардык балдар үчүн жаңы жөлөк пул. Мыйзам долбоору ЖКга түштүКыргызстан менен Россия балдардын кирүү эрежелерин өзгөртүүдөЖеңиштин 81 жылдыгы: Ошто мурунку көрүстөндүн аймагына «Эскерүү аллеясы» түзүлдү
Баткен жана Талас облустарында 18 айыл таза суу менен камсыз болду
13.06.2025 | 13:44
Баткен облусунун 12 айылында жана Талас облусунун 6 айылында таза суу менен камсыз кылган жаңы суу тутумдарынын курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан долбоордо Баткенде 43 жана Таласта 17 айылдын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу каралган.
Баткен облусунда төмөнкү айылдар таза суу менен толук камсыздалды:
- Кадамжай району: Кароол, Майдан, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак (Майдан айыл аймагы), Таш-Коргон (Масалиев айыл аймагы), Калача жана Үч-Коргон (эки лот, Үч-Коргон айыл аймагы);
- Лейлек району: Андарак, Сары-Дөбө (мурунку Коммуна), Искра (Сумбула айыл аймагы), Максат (Кулунду айыл аймагы), Жаштык (Жаңы-Жер айыл аймагы).
Ал эми Талас облусунда төмөнкү айылдар камсыздалды:
- Манас району: Майское жана Новодонецкое (Май айыл аймагы);
- Талас району: Кеңеш жана Үч-Коргон (Үч-Коргон айыл аймагы), Көк-Кашат (Жергетал айыл аймагы).
Аталган айылдарда суу алуу жайлары, суу мунаралары, хлорлоочу жабдуулар жана суу бөлүштүрүүчү түтүк системалары курулуп, толугу менен ишке киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар